"Керемет бийдин генийи" Чолпонбек Базарбаевдин 75 жылдыгы белгиленди. Сүрөт

Акылбек Жапаров Базарбаевдин талантына, табият берген сымбатына француз, англичандар суктанып келгенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бишкекте СССРдин эл артисти, балетмейстер Чолпонбек Базарбаевдин туулган күнүнүн 75 жылдыгына карата мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара болуп, ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Минкаб төрагасы Чолпонбек Базарбаев Борбор Азияда эркектер арасынан балет өнөрүндөгү жападан жалгыз СССРдин эл артисти наамын алган гениалдуу, өзгөчө таланттуу балет бийчиси болгонун белгиледи.
1 / 9

Бишкекте СССРдин эл артисти, балетмейстер Чолпонбек Базарбаевдин туулган күнүнүн 75 жылдыгына карата мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара болуп, ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты

2 / 9

Минкаб төрагасы Чолпонбек Базарбаев Борбор Азияда эркектер арасынан балет өнөрүндөгү жападан жалгыз СССРдин эл артисти наамын алган гениалдуу, өзгөчө таланттуу балет бийчиси болгонун белгиледи

3 / 9

Анын талантына, табият берген сымбатына француз, англичандар суктанып, "керемет бийдин генийи" деп аташкан" деди Жапаров

4 / 9

Өкмөт башчы мамлекет маданият тармагына өзгөчө көңүл буруп жатканын айтып, музыкалык инструменттерди жана костюмдарды жаңылоого каражат бөлүнгөнүн, эмгек акы жогорулаганын кошумчалады

5 / 9

Жапаров Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигин театралдык искусствону мындан ары өнүктүрүүдө башкаруу системасын өзгөртүп, репертуардык саясатты бекемдеп, техникалык базаны чыңдап, билет сатууну электрондоштуруу, кадрларды максаттуу даярдоого чакырган

6 / 9

Бишкекте СССРдин эл артисти, балетмейстер Чолпонбек Базарбаевдин туулган күнүнүн 75 жылдыгына карата мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара өттү

7 / 9

Бишкекте СССРдин эл артисти, балетмейстер Чолпонбек Базарбаевдин туулган күнүнүн 75 жылдыгына карата мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара өттү

8 / 9

Бишкекте СССРдин эл артисти, балетмейстер Чолпонбек Базарбаевдин туулган күнүнүн 75 жылдыгына карата мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара өттү

9 / 9

Бишкекте СССРдин эл артисти, балетмейстер Чолпонбек Базарбаевдин туулган күнүнүн 75 жылдыгына карата мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара өттү

"Ал улуттук театралдык, хореографиялык искусствонун калыптанышына, көчмөн кыргызда балет өнөрүн классикалык деңгээлге чыгарып, аны руханий мурас катары өнүгүшүнө эгебейсиз зор салым кошкон инсан. Базарбаев КМШ жана дүйнөлүк сахналарда кыргыз жүзүн татыктуу тааныткан. Россия президентинин маданият тармагындагы кеңешчиси, экс-маданият министри Михаил Швыдкой "Чолпонбек Базарбаев бийдин кудайы болчу" деп эң жогорку баасын берген. Анын талантына, табият берген сымбатына француз, англичандар суктанып, "керемет бийдин генийи" деп аташкан", — деген Жапаров.

Өкмөт башчы мамлекет маданият тармагына өзгөчө көңүл буруп жатканын айтып, музыкалык инструменттерди жана костюмдарды жаңылоого каражат бөлүнгөнүн, эмгек акы жогорулаганын кошумчалады.
Жапаров Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигин театралдык искусствону мындан ары өнүктүрүүдө башкаруу системасын өзгөртүп, репертуардык саясатты бекемдеп, техникалык базаны чыңдап, билет сатууну электрондоштуруу, кадрларды максаттуу даярдоого чакырган.
Хореограф Садыркулов: согуш жүрүп, эл ачка калса да искусство унутулган эмес