28-январга карата аба ырайы

28-январда күндүз республика аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жекшембиде түнкүсүн өлкө боюнча кар жаабайт. Жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл чөлкөмдөрүндө +2…+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +7…+12, Нарын облусунда -1…-6 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +4…+6, Ош шаарында +8…+10 градуска жетет.
Күн ысыйбы? Февраль айына карата аба ырайы божомолу