Аалымдар кеңеши Замир Ракиевдин арызын кабыл алды. Муфтийдин милдетин ким аткарат

Замир Ракиевдин иштен кеткен себеби азырынча белгисиз.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши муфтий Замир Ракиевдин өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын канааттандырды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Ракиев кызматынан бошотулуп, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнө кабыл алынган.
Самидин Атабаев
Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин милдетин Самидин Атабаев аткарып турмакчы.
Замир Ракиевдин кызматтан кеткен себеби азырынча белгисиз. Ал Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчылыгына 2021-жылдын 26-ноябрында шайланган.
УКМК Райым Матраимовго издөө жарыялады