Ошто асылып калган милиционер аял табылды

38 жаштагы аялдын буга чейин спорт менен алектенип, самбо боюнча мелдештерге катышып жүргөнү маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Ош шаарында милиционер аялдын сөөгү өз үйүндө табылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ШИИБден кабарлашты.
Белгилүү болгондой, 38 жаштагы милициянын капитаны 21-январда эжесинин үйүнөн чыгып, телефонун өчүрүп койгон. Үч күндөн кийин анын сөөгү өзүнүн үйүнөн табылган.
"24-январда укук коргоо органында иштеген аялдын үйүнө эжеси барган, бирок эшигин эч ким ачкан эмес. Кийин бир тууганы эшикти ӨКМдин кызматкерлерине ачтырууга мажбур болгон. Ал асылган абалда табылган. Аталган факт каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Маркум участкалык милиция болуп иштечү. Анын спорт менен алектенип, самбо боюнча мелдештерге катышып жүргөнү маалым болду", — деди ШИИБ.
Каза болгон аялдын буга чейин жеке көйгөйлөрү болгону кошумчаланды.
Ошто курулушчу имараттан кулап каза болду