Кулак-мурду кесилген Аселдин мурдагы күйөөсү 20 жылга эркинен ажыратылды

Азамат Эстебесов мурдагы аялына компенсация катары 2 миллион сом, мамлекетке айып пул катары 80 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилди.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бишкектин чет жакасындагы Селекция айылында кулак-мурду кескиленген Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесовго соттун өкүмү чыгып, 20 жылга эркинен ажыратылды.
Мындай чечимге Сокулук райондук соту келген. Андан тышкары, Эстебесов мурдагы аялына компенсация катары 2 миллион сом, мамлекетке айып пул катары 80 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилди.
Эске салсак, 20-сентябрда Бишкектин чет жакасындагы Селекция айылында жашаган 36 жаштагы аял өз үйүндө бычакталып, кулак-мурду кесилген. Бул кылмышка шектелип анын 39 жаштагы мурдагы күйөөсү кармалып, тергөө абагына киргизилген. Жабырланган аялдын кескиленген органдарын калыбына келтирүүгө түркиялык пластикалык хирург акысыз жардам убадалаган. Ага бир нече оор жана кымбат операция жасоо талап кылынары айтылган эле. 27-сентябрда Чүй облустук соту райондук соттун "Зордуктоо" боюнча чечимин өзгөртүп, келинди кордогон кишини 8 жылга соттогон.
Шаардык сот Чынтемир Аширалиевди өмүр бою абакка кесүү чечимин күчүндө калтырды