Денис Петрашов менен Елизавета Печерских Катардагы дүйнө чемпионатына катышат

Команданы башкы машыктыруучу Евгений Петрашов жетектеп барары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Ага ылайык, 2-18-февраль күндөрү Доха шаарында өтө турган дүйнө чемпионатына Кыргызстандан Денис Петрашов менен Елизавета Печерских катышмакчы. Команданы башкы машыктыруучу Евгений Петрашов жетектеп барары айтылды. Мелдештин жүрүшүндө жалпы медалдын 76 комплекти ойнотулат.
Денис Петрашов 2016-жылы Рио-де-Жанейродогу, 2020-жылы Токиодогу Олимпиада оюндарына катышкан. 2023-жылдын декабрында АКШдагы ачык чемпионатта алтын медаль алган.
Эрлан Шеров баштаган дзюдочулар Франциядагы эл аралык мелдеште күч сынашат