Аскердик кабарчы Татарскийдин өлүмү: Трепова 27 жылга эркинен ажырады

Ага 600 миң рубль айып дагы салынды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Аскердик сот Санкт-Петербургдагы көчмө жыйынында Дарья Трепованы кафеде жасаган теракты үчүн 27 жылга эркинен ажыратты. Окуянын кесепетинен аскердик кабарчы Владлен Татарский (Максим Фомин) каза тапкан. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
“Трепова күнөөлүү деп табылсын... Жасаган кылмыштары үчүн 27 жылга эркинен ажыратылып, жалпы режимдеги колонияда кармалсын. Ошондой эле 600 миң рубль айып салынсын”, - деди төрагалык кылган судья Тимур Жидков.
Эске салсак, 2-апрелде Санкт-Петербургдагы жардыруудан блогер жана аскердик кабарчы Владлен Татарский каза тапкан.
Анын 32 жашта болгону жана жаракат алган онго чукул адамдын абалы оор экени айтылган. РИА Новостиге айтып берген маалымат булагы жарылуучу затты кафеге коробкадагы статуэткага салып Татарскийге белек катары алып келип беришкенин билдирген.
Татарскийдин өлүмүнө шектелип 26 жаштагы Дарья Трепова кармалган.
Татарскийдин өлүмү: бюст тапшырылып, жарылуу болгон учурдун видеосу