Тиш тазалатууга барып чарчап калган бөбөккө эмне дарылар сайылганы айтылды

Жактоочулар анестезиологду күнөөлөө эрте экенин айтып, жалпы эле балдардын тишин дарылоо боюнча тегерек стол өткөрүү керектигин белгилешкен.
Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Тиш тазалатууга барган бөбөктүн өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы кыз кетонал менен анальгин препараттарын колдонуудан өрчүп кеткен анафилактикалык шоктон улам көз жумганын көрсөткөн. Маалыматты Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун жетекчисинин орун басары Эрнис Акунов тастыктады.
Буга чейин бөбөктүн окуясы боюнча кармалган 31 жаштагы анестезиологдун жактоочулары маалымат жыйын өткөрүп, экспертизанын жыйынтыгы үч жашар кыз кетонал менен анальгин дарыларын сайгандан кийин көз жумганын көрсөткөнүн айтышкан. Алар анестезиолог бул дарыларды саюу боюнча өз алдынча көрсөтмө бербегенин, буга чейин жасап жүргөн ишин гана аткарганын кошумчалашкан.
Жактоочулар анестезиологду күнөөлөө эрте экенин айтып, жалпы эле балдардын тишин дарылоо боюнча тегерек стол өткөрүү керектигин белгилешти. Адвокаттар кылмыш иши бир гана анестезиологдун эмес, саламаттык сактоо тармагында балдардын тишин дарылоо ишине да доо кетирип жатканын айтышты. Ошондой эле бул ишти көзөмөлгө алуу өтүнүчү менен президент, ИИМ башчысы, Жогорку соттун төрагасы, башкы прокурорго кайрылышкан.
Эрнис Акунов бул иш боюнча комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дагы жүргүзүлөрүн белгилеп, бөбөктүн өлүмүнүн себеби, ким күнөөлүү экени ошондо так билинерин кошумчалаган.
Эске салсак, декабрдын аяк ченинде Медакадемиянын медициналык борборундагы стоматология бөлүмүндө үч жашар кыз чарчап калган. Жакындары алгач бөбөктү тишин тазалатуу үчүн менчик клиникага алып барган, ал жактан Медакадемиянын медициналык борборуна жөнөтүшкөн. Жакындары кызга наркоз берилген соң көз жумганын айтышкан. Кийин кесиптик милдеттерин так аткарган эмес деп айыпталып 31 жаштагы Т.А. аттуу анестезиолог кармалган. Министр Алымкадыр Бейшеналиев бул иш боюнча Медициналык академияга караштуу медициналык борбордун директору, стоматология бөлүмүнүн башчысы, анестезиолог, стоматолог иштен кеткенин белгилеген.
Бишкекте эгиз уул төрөгөн 22 жаштагы келин көз жумду