Кулак-мурду кесилген Асел. Адвокат айыпкер күнөөсүн мойнуна албаганын айтты

Күнөөкөр ооруп жатканын айтып, ооруканага алып барууну өтүнгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бүгүн Сокулук райондук сотунда кулак-мурду кескиленген Асел Ногойбаеванын иши боюнча соттук отурум болуп, анда жабырлануучунун жактоочусу Индира Саутова айыпкер Азамат Эстебесов күнөөсүн мойнуна албаганын айткан.
"Ар шылтоону айтып, мага жин кирип кеткен, сүйлөй албайм деп жатты. Кулагыма башка кишилер угулуп жатат, башым ооруду, ооруканага алып баргыла деди. Күбөлөр суроо берсе аябай агрессивдүү жооп берип, судьядан эскертүү алды", — деди жактоочу.
Саутова айыпкер ушундай жол менен жоопкерчиликтен качууга аракет кылып жатканын белгилеп, төрт экспертизанын корутундусунда оорусу чыкпаганын кошумчалады. Сот жабык эшик артында өттү. Кийинки соттук отурум 25-январь күнү саат 15:00гө белгиленген.
Эске салсак, 20-сентябрда Бишкектин чет жакасындагы Селекция айылында жашаган 36 жаштагы аял өз үйүндө бычакталып, кулак-мурду кесилген. Бул кылмышка шектелип анын 39 жаштагы мурдагы күйөөсү кармалып, тергөө абагына киргизилген. Жабырланган аялдын кескиленген органдарын калыбына келтирүүгө түркиялык пластикалык хирург акысыз жардам убадалаган. Ага бир нече оор жана кымбат операция жасоо талап кылынары айтылган эле. 27-сентябрда Чүй облустук соту райондук соттун "Зордуктоо" боюнча чечимин өзгөртүп, келинди кордогон кишини 8 жылга соттоду.
Кулак-мурду кесилген Аселдин мурдагы күйөөсү сотко келгенде жаңжал чыкты. Видео