Жоокерлерди сабаган делип аскер бөлүктүн үч командири кармалды

Башкы прокуратура жарыялаган сүрөттөн жоокерлер пол жуучу швабра жана таяк менен сабалганын түшүнүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Жоокерлерди сабаган делип Коргоо министрлигинин аскер бөлүгүнүн үч командири кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Жоокерлерди сабаган делип Коргоо министрлигинин аскер бөлүгүнүн үч командири кармалды

2 / 4

Аскер прокуратурасы Коргоо министрлигинин аскердик бөлүгүндө зомбулуктун фактыларын аныктаган

3 / 4

Жоокерлерди уруп-сабоого шектелип үч командир камакка алынды. Бул ишке тиешеси бар башка да жоопкерчиликтүү адамдар такталып жатат

4 / 4

Башкы прокуратура жарыялаган сүрөттөн жоокерлер пол жуучу швабра жана таяк менен сабалганын түшүнүүгө болот

Билдирмеге караганда, Аскер прокуратурасы Коргоо министрлигинин аскердик бөлүгүндө зомбулуктун фактыларын аныктаган. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Уруп-сабоо, кыйноо") боюнча иш козголгон.
"Жоокерлерди уруп-сабоого шектелип үч командир камакка алынды. Бул ишке тиешеси бар башка да жоопкерчиликтүү адамдар такталып жатат", — деп айтылат маалыматта.
Башкы прокуратура жарыялаган сүрөттөн жоокерлер пол жуучу швабра жана таяк менен сабалганын түшүнүүгө болот.
Ички аскерлер бөлүгүнүн жоокеринин өлүмү боюнча дагы бир адамга айып тагылды