Кличко: Зеленский башка багыт менен кетип бара жатат

Киев шаарынын башчысы Украинанын президентинин азыркы кадамдарына ичи чыкпагандыгын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Украина туура эмес багытка түшүп алып, авторитардуу болуп баратат. Бул туурасында Киев шаарынын мэри Виталий Кличконун Globe and Mail басылмасындагы маегинде айтканын РИА Новости жазды.
Шаар башчысы Владимир Зеленскийди сындагандар кысымга кабылып жатканын белгилеген.
"Азыр күбө болуп жаткандарыбызды демократия деп айтпас элем. Бул жерде өйдө жактын көрсөтмөсү жана авторитаризм көрүнүп турат", — деген Кличко.
Шаар башчысы мунун артында ал ысымдарын "атай албаган" адамдар турганын, ошол кишилер "баары борбор аркылуу жасалышы" керектигин көздөгөндүктөрүн айтты.
"Мэр жана жамааттын башчыларын эл шайлайт, эми алар жогору жактан дайындалгандарга алмаштырылып жатат", — деген Киев мэри.
Кличко, мындан сырткары, түйшөлткөн мындай пикирин Киевдеги башка элчилер менен талкуулаганын айткан. Дипломаттардын ичинен анын оюна кошулгандар болдубу деген суроого, андай элчилер бар экендигин белгилеген.
Киевдин мэри Кличко Украинанын президентин мурда да бир нече ирет сындаган. 20 Minuten деп аталган швейцариялык порталдагы маегинде Зеленскийдин рейтинги түшүп кеткенине таң калбастыгына, себеби кетирген каталарынын "үзүрүн көрүп" жатканына токтолгон. Мындан сырткары, Украина лидерин авторитаризмге ыктап баратат деп күнөөлөгөн. Кличконун пикиринде, Зеленскийдин тушунда Украинада бийликтин көз карандысыз институттары калбай өлкө авторитаризмге багыт алып, баары бир гана кишинин каш-кабагына байланыштуу болууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский 2023-жылы максатына жетпей калганын айтып кейиди