Кыргызстан боюнча 27-январга чейинки аба ырайынын божомолу

Алдыдагы жума күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Синоптиктердин айтымында, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жуманын алгачкы күндөрү күн ачык болуп, келерки бейшемби жана жума күндөрү кар жаашы күтүлөт. Бишкек шаарында 21-январда мезгил-мезгили менен, 26-январда түнкүсүн кар жаашы божомолдонууда. Түнкүсүн абанын температурасы -11 градуска чейин түшөт.

Чүй, Талас облустары

Эки аймакта тең 21-январда кар жаап, туман түшүшү күтүлөт. Андан соң күн ачылып, 26-январда облустардын көпчүлүк аймактарында кайрадан кар жаайт. 27-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Суусамырда түнкүсүн -24…-29 градуска чейин, Таласта болсо түнкүсүн -10…-15 градус суук болору айтылды.

Ош облусу

Бул аймакта 21-январда айрым жерлерге кар жаап, туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши мүмкүн. 22-27-январда жаан-чачын болбойт.

Баткен, Жалал-Абад облустары

Өлкөнүн бул эки аймагында 21-январда кар жаайт. Андан соң бейшембиге чейин күн ачылып, 25-26-27-январда кайрадан кар жаашы күтүлүүдө. Жалал-Абадда түнкүсүн -17…-22, Баткенде түнкүсүн -4…-9 градуска чейин суук болору айтылды.

Ысык-Көл, Нарын облустары

Алдыдагы аптанын алгачкы эки күнүндө кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл облусунда андан кийинки күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми Нарын аймагында 26-январда түнкүсүн кар жаашы мүмкүн.
Күн ысыйбы? Февраль айына карата аба ырайы божомолу