Көзөмөл орган кыргызстандыктарды шектүү лотереяга катышпоого чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы SUIUN_TV, "Баткен сила", "Ош сила" лотереялары мыйзамсыз ойнотулуп жатканын эскертти.
Мекеме кыргызстандыктарды шектүү лотереяларга катышпоого жана билеттерин албоого чакырган.
Белгилей кетсек, учурда бул лотереялар социалдык тармактан жарнамаланып, өз алдынча ойнотулуп жатат.
Мыйзам боюнча, мындай оюндарды уюштурган тарапка кылмыш жоопкерчилиги каралган. Ошондой эле киреше толугу менен мамлекеттик бюджетке алынып, жетим жана майыптыгы бар балдарды камсыздоого жумшалат.
Курулуш компаниясына алданып калбоо үчүн эмнени билүү шарт? Юристтин маеги