БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Тиш тазалатууга барып чарчап калган үч жашар бөбөктүн окуясы боюнча төрт киши иштен алынды. Бул тууралуу Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымына таянып Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, кечээ, 18-январда, министр чарчап калган бөбөктүн жакындарын кабыл алган. Алымкадыр Бейшеналиев анын жакындарына, ата-энесине көңүл айтып, бул окуяга байланыштуу Иса Ахунбаев атындагы Медициналык академияга караштуу медициналык борбордун директору, стоматология бөлүмүнүн башчысы, анестезиолог, стоматолог иштен кеткенин белгилеген.
"Медакадемиянын медициналык борборунун стоматология бөлүмү жабылды. Ошондой эле башында жардам сурап барган менчик стоматологиялык клиника да иштебей калды", — деген министр.
Ал бул ишке күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазасын аларын кошумчалаган.
Эске салсак, декабрдын аяк ченинде Медакадемиянын медициналык борборундагы стоматология бөлүмүндө үч жашар кыз чарчап калган. Жакындары алгач бөбөктү тишин тазалатуу үчүн менчик клиникага алып барган, ал жактан Медакадемиянын медициналык борборуна жөнөтүшкөн. Жакындары кызга наркоз берилген соң көз жумганын айтышкан. Кийин кесиптик милдеттерин так аткарган эмес деп айыпталып 31 жаштагы Т.А. аттуу анестезиолог кармалган.