БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 8-14-сентябрда Астана шаарында болот. Бул тууралуу Казакстандын Спорт жана туризм министрлиги кабарлады.
Билдирмеге караганда, оюндарга 100дөн ашык өлкөдөн төрт миңдей спортчу катышары күтүлүүдө. Спорттун 20 түрү мелдештик жана 10 түрү көрсөтмө иретинде тартууланат. Анын ичинде ат оюндары, күрөш, жаа атуу, салбуурун сыяктуу улуттук оюндар бар.
"Бул жолку Көчмөндөр оюндары "Улуу талаа дүбүртү" урааны астында өтмөкчү. Ошондой эле этноайыл уюштурулуп, ал жактан каалоочулар Казакстандын тарых, маданияты менен тааныша алышат", — деп жазылат маалыматта.
Министрлик Көчмөндөр оюндарынын тизерин да жарыялаган.