Ак үй: Ирандын өзөктүк курал жасоосуна АКШ жол бербейт

Кирби Америка Иран менен Пакистандын кырды бычак болушун каалабай тургандыгын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. АКШ Ирандын өзөктүк курал жасашына жол бербейт, аны дипломатия жолу менен токтотууга мүмкүнчүлүк болбосо, башка ыкмалар бар. Бул туурасында Ак үйдүн Улуттук коопсуздук боюнча стратегиялык байланыштарды тескеген координатору Жон Кирби айтканын РИА Новости жазды.
Анын айтымына караганда, Кошмо Штаттар мунасага дипломатия аркылуу жетүүгө аракет кылганы менен, кыязы, ал жакында ишке аша бербейт.
"Демек, мындай нерселерди алдын алуу кадамын жасоодо башкы командачыга жеткиликтүү мүмкүнчүлүктөрдү жаратууга аракет кылабыз", — деген Кирби.
Ал АКШ акыркы окуялардан кийин Иран менен Пакистандын кырды бычак болуп чатактын ырбап кетишин каалабай тургандыгын айткан. Кирби президент Жозеф Байден Иранга өзөктөк курал түзүп алууга мүмкүнчүлүк бербеш керек деген пикирди карманарын билдирген.
16-январда Ирандын Ислам революциясынын коргоочулар корпусу (ИРКК, Куралдуу күчтөрдүн элиталык бөлүктөрү) өздөрү менен чектешкен Пакистандын Белужстан провинциясындагы "Жейш аль-Адль" деп аталган террордук топтун негизги базасына баллистикалык ракета жана пилотсуз учактар менен чабуул койгон. Пакистан коңшусунун бул кадамын айыптап, Тегерандагы элчисин чакыртып алган. Андан сырткары, Ирандын Исламабаддагы элчиси дипломатиялык ишмердүүлүгүн азырынча уланта албастыгын да айтышкан.
Пакистан Ирандагы чабуулу боюнча үн катса, Тегеран 7 киши өлгөнүн айтты