Жалал-Абадда 6 жаштагы бала мылтык менен ойноп жатып бөбөгүн атып алган

Беш жаштагы бөбөк жарадар болуп, ага операция жасалган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Жалал-Абадда 6 жаштагы бала тир мылтыгы менен ойноп жатып байкабастан 5 жаштагы бөбөгүн ичине атып алган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, окуя 17-январда болгон.
"Саат 16:52 чамасында Жалал-Абад шаарынын Тайгараев айыл аймагында 6 жаштагы бала үйдө тир мылтыгы менен ойноп жатып байкабастан 5 жаштагы Ф.А. аттуу карындашын ичке атып алган. Натыйжада ал Жалал-Абад облустук ооруканасынын балдар хирургиясы бөлүмүнө жаткырылган", — деп жазылат маалыматта.
Саламаттык сактоо министрлигинин облустагы координатору Каарманбек Байдавлетов Sputnik Кыргызстан агенттигине жабыркаган кызга операция жасалганын айтты.
"Кызды ооруканага атасы алып барган. Азыр анын абалы орточо оор", — деген Байдавлетов.
Учурда териштирүү иштери уланып жатканы кошумчаланды.
Чүйдө 11-класстын окуучусун ат сүйрөп кетип көз жумду