Травматолог: кышкысын алган жаракатты оңой көрбөңүз

Адис жаш балдардын жаракатына, өзгөчө кыздарга көңүл буруу керектигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Травматолог-ортопед Улан Бийгелдиев Sputnik Кыргызстан радиосунда кыш мезгилинде жаракат алуудан кантип сактанса болорун жана биринчи жардам тууралуу айтып берди.
"Кышкы суукта жолдор тоңуп, тайгак болуп калат. Бул өзгөчө улуу муундагы адамдар менен жаш балдарга коркунуч туудурат. Андыктан абайлап, жөө өтмөктөрдөн гана өтүңүз. Кечкисин жарыкка чагылуучу сызыгы бар кийим кийген оң. Ал эми бут кийимди аба ырайына жараша, таманы тайгак эмесин тандоо керек. Тепкичтен тайгаланып кетпеш үчүн кармагычты жакшылап кармоо зарыл", — деп кеңеш берген Бийгелдиев.
Анын айтымында, бул мезгилде көпчүлүк колу-бутун, баш же омурткасын жабыркатат.
"Кышкысын даярдалбаган жерден баллон, чана же лыжа тебүү көп учурда колу-буттун, моюн же баш сөөктүн сынышына алып келет. Андыктан биринчи жардам берүүнү билип алуу ашыктык кылбас. Жаракат алган учурда сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылуу зарыл. Себеби башында билинбей, убакыт өткөн сайын орчундуу илдетке, ал тургай өлүмгө жеткирчү жаракаттар болот", — деп эскерткен травматолог.
Адис жаш балдардын жаракатына өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилеген. Эгерде бала тайып кетип жамбашы менен жерге катуу отуруп калса, чычаңы кыйшайып калышы ыктымал. Мындай нерсе айрыкча кыздарга төрөт маалында залалын тийгизиши мүмкүн.
Радио
Суукта сасык тумоону алдын алуу үчүн эмне кылуу керек