Салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү башталды. Кимдер тапшырат?

Декларация тапшыруу боюнча толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 кыска номеринен же Салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүн баштады. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Кезектеги декларациялык кампания эки этапта өтмөкчү.
1-апрелге чейин юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ата мекендик уюмдар, ошондой эле туруктуу мекеме түзүп Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар декларация тапшырышы керек;
1-майга чейин жеке ишкерлер, менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар салык декларациясын тапшырууга милдеттүү. 1-майга чейин салык декларациясын жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлк сатып алган жактар, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери, убактылуу жашап туруу укугу же кайрылман статусу барлар, эл аралык уюмдагы ишинен киреше алган жарандар да тапшырышат.
"Салык декларациясында киреше жана чыгашалар, экономикалык иш, мүлк объектилери, жер участоктору жана салык милдеттенмелеринин суммасы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүшү керек", — деп айтылат кабарда.
Декларация тапшыруу боюнча толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 кыска номеринен же Салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтынан алууга болору айтылды.
Салык декларациясын тапшыргандарга мамлекет жеңилдик берет. Видео түшүндүрмө