БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Михаил Мишустин Акылбек Жапаров менен Москвада жолугушту. Бул тууралуу РФ өкмөтүнүн сайтына жарыяланды.
Өкмөт башчылар эки өлкөнүн соода-экономикалык, илимий-технологиялык жана маданий-гуманитардык кызматташуусун талкуулашты. Өнөр жай, энергетика, транспорт инфраструктурасы, билим берүү жаатына дагы өзгөчө көңүл бурулду.
Мишустин менен Жапаров ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык байланыштарды дагы талкуулашты.