19-январга карата аба ырайы

19-январда жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Жума күнү күндүз тоо этектерде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын жаабайт. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +2…+7, Талас, Ысык-Көл чөлкөмдөрүндө -1…+4, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +6…+11, Нарын облусунда 0…-5 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +5…+7, Ош шаарында +9…+11 градуска жетет.
Күн ысыйбы? Февраль айына карата аба ырайы божомолу