БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Киевдин контрчабуулу ийгиликсиз болду, эгер ушинтип улана берсе жакында Украинанын мамлекеттүүлүгүнөн күмөн жаралат. Бул туурасында Россия президенти Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды.
“Азыр алардын контрчабуулу эле ара жолдо калбай, бүт демилге Россянын Куралдуу күчтөрүнүн колунда турганы айдан ачык көрүнүүдө. Мында Украинанын мамлекеттүүлүгүнө орду толгус олуттуу сокку урулушу мүмкүн”, — деди Путин.
Ошондой эле ал Владимир Зеленскийдин койгон талаптары тынчтык диалогуна келүүгө такыр дал келбей турганын белгиледи.
“Бул аракеттер бизди жарым жылдан бери жетишкен нерселерден баш тартууга түртүп жатат. Эки өлкө дээрлик макулдашып бүтүп калгандан кийин украин тарап сүйлөшүүлөрдөн баш тартып койгон. Ал келишимди эртеси эле таштандыга ыргыткан”, — деди РФ лидери.
Путин ошол убакта Улуу Британиянын премьер-министри келип аларды макулдашууну жүзөгө ашырбоого ынандырып кеткенин айтты. Бул да Украинанын көз каранды экенинен кабар берерин кошумчалады.