Кыргызстанда боорду алмаштырган алгачкы операция жайында жасалышы күтүлүүдө

Министр боор алмаштыруу үчүн 12 адистен турган бир бригада буга чейин эле түзүлгөнүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Кыргызстанда биринчи жолу боорду алмаштыруу операциясы жасалат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, алгачкы операция Улуттук хирургия борборунда жасалат. Азыр ал жердин боор бөлүмүндө оңдоо иштери жүрүп жатат.
"Бюджеттен 5 миллион сом бөлүндү. Операцияга түркиялык дарыгерлер да катышат. Чет элдик кесиптештерибиз техниканын жарымын беришет, калганын өзүбүз алабыз. Биздин адистер Түркияга окууга жөнөтүлөт. Биринчи операция жайдын башында жасалышы мүмкүн", — деди Бейшеналиев.
Министр боор алмаштыруу үчүн хирург, анестезиолог, УЗИ дарыгерлери, лаборант жана төрт медайым болуп 12 адистен турган бир бригада буга чейин эле түзүлгөнүн белгиледи.
"Кыргызстанда боорду алмаштыруу аракети мурда да болуп, бирок ал ишке ашпай калган. Эне жана баланы коргоо улуттук борборун чучук алмаштыруу боюнча операция жасоого даярдап жатабыз. Дарыгерлерибиз окуудан өтүүдө", — деген Бейшеналиев.
Атагы алыска кеткен кыргыз медицинасы кантип өнүккөн? Тарых барактары