79 жыл мурда Варшава фашисттик баскынчылардан куткарылган. Видео

Мындан 79 жыл мурда 17-январда Польшанын борбору Варшава фашисттик баскынчылардан бошотулган.
Sputnik
Калаа азаптуу күндө калып, 1939-жылдын 28-сентябрынан тарта оккупацияда турган. Бул шаарды бошотуу үчүн чабуул 1-Беларусь фронтунун, Польшанын 1-армиясынын күчү менен жасалган.
Согуш учурунда немецтер Варшаванын имараттарынын 84%ын жок кылган. Ири өнөр жай ишканалары жер менен жексен болуп, турак жайлар жардырылып же өрттөлгөн. Согушка чейин бул башкы калаанын калкынын саны 1 310 000 болсо, от күйгөн мезгилдерден соң 162 000и гана калганы айтылып келет.
Баскынчылар Польшанын баш калаасындагы имараттарга мина коюп кетишкен. Аларды зыянсыздандырууда 20 000ден ашык мина, 14 000 миңден көп снаряд жок кылынган.
1945-жылы 17-январда күндүзгү саат үчтө эски шаардагы чепке эки тараптын армиясынын аскерлери Польша желегин илишкен.