БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. ИИМ бир катар журналист, блогерлердин жашаган, иштеген жерлери текшерилип, суракка алып келиниши боюнча маалымат берди.
Буга чейин социалдык тармакта айрым ЖМК өкүлдөрү жана блогерлердин үйүндө, кеңсесинде тинтүү болуп жатканы тууралуу маалымат тараган.
Ички иштер министрлиги буга чейин интернетте мониторинг жүргүзүлгөнүн айтып, "Айт, айт десе" жана Temirov Live аталышындагы соцбаракчалардан башаламандыкка чакырган белгилер аныкталганын белгилеген. Бул иш ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган.
"2024-жылдын 12-январында экспертизанын корутундусу чыгып, ага ылайык, "Айт, айт десе", Temirov Live аттуу баракчаларга тиешелүү материалдарда массалык башаламандыкка чакырыктардын белгилери бар экени аныкталды. ИИМдин тергөө кызматы экспертизанын жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") боюнча иш козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Учурда ИИМдин тиешелүү кызматтары бир канча дарек боюнча иликтөө иштерин улантып жатканы кошумчаланды.