Кыргызстандык аскерлер Казакстандагы масштабдуу машыгууларга катышат

Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызстандык аскерлер Казакстанда өтө турган "Бірлестік" аттуу масштабдуу машыгууларга катышат. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Коргоо министрлигинин сайтында жазылган.
Билдирмеге караганда, аскердик иш-чара быйыл өтөт. Ага Кыргызстандан тышкары, Азербайжан, Тажикстан жана Өзбекстандын аскер контингенти барат.
Беш өлкөнүн машыгуусуна "Батыш" (Казакстан) аймактык командачылыгынын Аскер-деңиз флоту, Аскер-аба жана атайын операциялык күчтөрү катышары маалым болду.
Кыргызстанда аскерлердин эмгек акысы үч жылда 50 пайызга чейин көбөйтүлдү