БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги февраль айына карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Кыргызстанда 2024-жылдын февраль айындагы абанын орточо температурасы
© Фото / пресс-служба Кыргызгидромет
Ага ылайык, келерки айда абанын айлык орточо температурасы көпчүлүк аймактарда климаттык нормадан 1…1,5 градуска жогору болушу ыктымал. Жаан-чачындын айлык көлөмү Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында нормага жакын, ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында климаттык нормадан арбын болору күтүлүүдө.
Кыргызстанда 2024-жылдын февраль айындагы жаан-чачындын орточо өлчөмү
© Фото / пресс-служба Кыргызгидромет
Чүй облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градуска жогору болуп, 0…-2 градус суук болушу, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө -2…-4 градуска төмөн болушу мүмкүн. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5…-10 градустан -2 …+3 градуска чейин өзгөрүлүп турушу ыктымал. Кээ бир түндөрү абанын температурасы -16 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору айтылды.
Талас облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градус жогору болуп, -1…-3 градуска төмөндөй турганы божомолдонду. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5…-10 градустан -2…+3 градуска чейин жетет. Күндүз -1...4, 5…10 градусту көрсөтсө, айрым түндөрү сууктун күчү -16 градуска чейин жетет. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу, айрым жерлерде нормадан төмөн болушу күтүлөт.
Ош облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градус жогору болуп, 2…4 градус жылуу болушу, тоо этектеринде -0…-2 градуска төмөндөөрү айтылды. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5, 1…6 градус, кээ бир түндөрү абанын температурасы -6…-11 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -2 … +3, 8…13 градуска чейин өзгөрүлүп турмакчы. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу божомолдонду.
Жалал-Абад облусу
Абанын айлык орточо температурасы 1…1,5 жана 2…4 градус, тоо этектеринде -0…-2 градус суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5тен 1…6 градуска чейин өзгөрүлүп турушу мүмкүн. Кээ бир түндөрү -6…-11 градуска чейин төмөндөсө, күндүз -2 … 3 жана 8…13 градусту көрсөтөт. Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5…-10, кээде -4…+1 градус болсо, күндүз 0…-5, 1…6 градуска жетет. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт.
Баткен облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градус жогору болуп, 2…4 градус жылуу болушу, тоо этектеринде -0…-2 градус суук болушу мүмкүн. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5, 1…6 градуска чейин, кээ бир түндөрү -6…-11 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз -2… +3, 8…13 градус жылуу болсо, айрым күндөрү 20 градуска чейин ысыйт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт.
Ысык-Көл облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градус жогору болуп, -1…-3 градус суук, чыгышында -4…-6 градус суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4…-9 градустан -3 … 2 градуска чейин өзгөрүлүп турса, чыгышында кээ бир түндөрү сууктун күчү -9…-14 градуска жетет. Күндүз абанын температурасы 0…5, 6…11 градуска чейин өзгөрүлүп турмакчы. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу, айрым жерлерде нормадан төмөн болушу күтүлөт.
Нарын облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градуска жогору болуп, -9…-11 градус, Кочкор районунда -4…-6 градус суук болушу күтүлөт. Ай ичинде түнкүсүн -10…-15 градустан -2…-7 градуска чейин төмөндөйт. Кээ бир түндөрү сууктун күчү -18…-23 градуска жетет. Күндүз абанын температурасы -3…-8, 1…6 градуска чейин өзгөрүлүп турмакчы. Кочкор районунда түнкүсүн -6…-11 жана 0…-5 градус болсо, күндүз -2… 3, 4…9 градуска чейин жетет. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт.