17-январга карата аба ырайы

17-январда өлкө аймагында күн бүркөк болуп республиканын айрым жерлерине туман түшүшү күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Шаршемби күнү өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 0...-5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 3...8, Ысык-Көл чөлкөмүндө -2...3, Нарын аймагында жана Талас жергесинде -2...-7 градус болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте 0...-2, ал эми Ош шаарында 6...8 градуска чейин жетет.
Күн ысыйбы? Февраль айына карата аба ырайы божомолу