БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Төө-Ашуу ашуусуна кар көчкү түшүп, Ош — Бишкек жолу жабылганын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты.
Билдирмеге караганда, кар көчкүгө байланыштуу "Сосновка" постунда бардык унааларга чектөө киргизилген.
"Көчкү бүгүн, 15-январда, болжол менен түшкү саат 13:50 чамасында Бишкек — Ош жолунун 127,5-чакырымына түшкөн. Көлөмү 4000 метр кубду түзөт. Азыркы тапта Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолду кардан тазалап жатышат", — деп айтылат маалыматта.
Транспорт министрлиги элди сапарга чыкпай турууга чакырды.