Айдоочуларга эскертүү. Январдын аягына чейин рейд жүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында "Рулда" деп аталган рейд январдын аягына чейин уланарын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан кабарлашты.
Көзөмөл жол кырсыктарын алдын алып, коомдук тартипти сактоо максатында жүргүзүлүп жатканы белгиленди. Жол эрежесин одоно бузган айдоочуларга өзгөчө көңүл бурулмакчы.
Белгилей кетсек, ылдамдыкты сактабай, адамдын өмүрүнө коркунуч туудуруп каршы тилкеге чыгып айдагандарга 15 миң сом айып салынат. Ал эми мас абалында автоунаа башкаргандардын унаасы айып короого токтотулуп, анын иши райондук сотко жиберилип, күнөөсү тастыкталса күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылат.
Инспектор тоссо карайлап калбаңыз! Айдоочунун башын ооруткан 9 суроого жооп