Садыр Жапаров Апрель окуясында жабыркагандардын жакындарын кабыл алды. Сүрөт

Буга чейин Апрель окуясында жабыркагандар, бул окуядан кийин түзүлгөн коомдук уюмдардын өкүлдөрү өз-өзүнчө кайрылып, кабыл алуу өтүнүчүн билдиришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 15-январда, 2010-жылдагы Апрель окуясынын катышуучуларын жана анда каза болгондордун жакындарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 15-январда, 2010-жылдагы Апрель окуясынын катышуучуларын жана анда каза болгондордун жакындарын кабыл алды

2 / 4

Мамлекет башчынын атына 2010-жылдагы Апрель окуясында жабыркагандар, бул окуядан кийин түзүлгөн коомдук уюмдардын өкүлдөрү өз-өзүнчө кайрылып, кабыл алуу өтүнүчүн билдиришкен

3 / 4

Мындан улам өлкө башчы баарын чогуу кабыл алууну чечкен

4 / 4

Жолугушууга өлкөнүн ар кыл аймактарынан 200дөн ашык киши катышканы кошумчаланды

Белгилүү болгондой, буга чейин мамлекет башчынын атына 2010-жылдагы Апрель окуясында жабыркагандар, бул окуядан кийин түзүлгөн коомдук уюмдардын өкүлдөрү өз-өзүнчө кайрылып, кабыл алуу өтүнүчүн билдиришкен. Мындан улам өлкө башчы баарын чогуу кабыл алууну чечкен.
"Жолугушуу президенттин администрациясынын имаратында өтүп, анда Апрель окуясында жакынын жоготкондор турмуштук-социалдык маселелерин айтып, президентке суроолорун узатышты. Садыр Жапаров суроолорго жооп берип, өлкөдөгү социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди", — деп жазылат кабарда.
Жолугушууга өлкөнүн ар кыл аймактарынан 200дөн ашык киши катышканы кошумчаланды.
Күүлөнүп алган сүрмө топту жеке кызыкчылыкка пайдалануу оңой. Психологдун маеги