Сууктайт. Бир жумага карата аба ырайы

Бишкек шаарында 15-16-январда кар жаай турганы айтылды. Түнкүсүн абанын температурасы -5…-7 градуска чейин түшөт.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Божомолго ылайык, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, абанын температурасы төмөндөйт. Бишкек шаарында 15-16-январда кар жаай турганы айтылды. Түнкүсүн абанын температурасы -5…-7 градуска чейин түшөт.

Чүй, Талас облустары

Бул эки аймакка кар 14-январь түнкүсүн жаап баштап, 15-16-январга чейин жаашы божомолдонду. 18-20-январь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Чүйдө -1…+4 градуска, Таласта -2…+3 градуска чейин төмөндөй турганы кошумчаланды.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

Өлкөнүн түштүк аймактарында да аптанын биринчи жарымында кар жаап, абанын температурасы салыштырмалуу төмөндөй турганы белгиденди. Күндүз 2…7, түнкүсүн 0…-2 градусту көрсөтөт. 18-январдан бштап күн кайра жылый баштайт деп божомолдонду.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Нарын менен Ысык-Көл облусунда да келерки аптада кар жаап, суук болушу күтүлүүдө. 18-январга чейин жамгыр, тоолуу аймактарга кар түшсө, абанын температурасы болжол менен Нарында күндүз -4…-9 градус, Ысык-Көлдө 0…5 градустун тегерегинде болот. Ал эми түнкүсүн сууктун күчү -14 градуска чейин жетет.
ӨКМ: Кыргызстандагы айрым ашууларга кар көчкү түшүшү мүмкүн