Айпери Медет кызы Zagreb Open эл аралык турниринен алтын утту

Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Хорватиядагы Zagreb Open эл аралык турниринен алтын медаль утту.
Ал финалда кытайлык Юань Вэнь менен кез келип, 2:1 эсебинде жеңди. Ага чейин Айпери Франция, АКШ, Канада жана Россиядан барган спортчуларды багындырган.
Бириккен күрөш дүйнөсү Медет кызы чейрек финалда америкалык балбанды 10:0 эсеби менен жеңген видеосун жарыялады.
Буга чейин Айсулуу Тыныбекова да ушул турнирден алтын тагынган.
Кубанычын да, ызасын да тең бөлүштүк. КР спортчуларынын 2023-жылдагы ийгилиги