БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров ушул жылдын бюджетин бекитти. Бул тууралуу маалымат кызматы кабарлады.
Мыйзам буга чейин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Анда казынага түшө турган жалпы киреше 378,4 миллиард сомду, ал эми чыгаша 367,4 миллиард сомду түзөт. Бюджеттин профицити 10,9 миллиард сом деп аныкталган.
"Республикалык бюджеттин профицити финансылык активдер менен болгон операцияларды жүзөгө ашырып, мамлекеттик тышкы карыздын негизги суммасын жабуу үчүн жумшалат", — деп жазылган маалыматта.
Мындан тышкары, 2025–2026-жылдарга республикалык бюджеттин пландык көрсөткүчтөрү жактырылган.