БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Талас облусунун Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүндө бюджеттик каражаттарды уурдоо боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, аталган райондук бөлүмдүн жетекчилиги айрым кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, мектеп жана бала бакча кызматкерлеринин эсебине аванс катары мыйзамсыз акча которгону аныкталган.
"Эсептөө палатасынын аудитордук корутундусуна ылайык, Бакай-Ата билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери мектеп жана бала бакча кызматкерлеринин банктык карта эсебине 11 миллион сомду мыйзамсыз негизде которушкан", — деп айтылат маалыматта.
Факт боюнча Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Б.Т. кармалып, Талас облусунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды жоопко тартуу жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.