Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Киевге түшкөн курал-жарак көзөмөлдөнбөй калган. АКШ министрлигинин билдирүүсү

Украинага жиберилген жалпы көлөмдөн алып эсептегенде миллиард долларлык куралдын кайда экени такталбаган тейде калганы аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Пентагон Украинага жиберген курал-жаракты тиешелүү деңгээлде көзөмөлгө алган эмес. Бул туурасында АКШнын Коргоо министрлигинин башкы инспектору Роберт Сторчтун айтканын "Российская газета" билдирди.
Документте жөнөтүлгөн куралдардын жарымынан көбү такталбай калганы белгиленген. Текшере келгенде 1,699 миллиард долларга берилген курал-жарактын ичинен бир миллиард долларга жакыны такталбай жатканы аныкталган.
"Негизи кырдаал мындан да жаман болушу мүмкүн, Пентагон курал-жаракка инвентардык каттоо жасаган эмес", — деп айтылган анда.
Докладда америкалык жардамдын андан ары сатылып же башка жакка берип жиберилгенин тактоого мүмкүн болбогону белгиленген. Муну менен катар тиешелүү мониторингсиз эле Киевге АКШ берген куралдардын уурдалып же үчүнчү тарапка берилип кетүү тобокелдиги бар экени кошумчаланды.
Украинада Коргоо министрлигинин башкы инспекторунун кеңсесинин кызматкерлери бар. Эми алар менен бирге аталган ведомствонун криминалдык иликтөө кызматы курал жеткирүүдө шек жараткан учурларды иликтөөнү улантары айтылды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыштагылар Украинанын айынан жаңы көйгөйдөн кооптоно башташты. Ой толгоо