Депутат Эмил Жамгырчиев УКМКга сурак берүү үчүн өзү келди

Депутат УКМКга тышка чыкпоо жөнүндөгү тил кат жазып берди.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин экинчи кабатынан секирип түшүп качып кеткен депутат Эмил Жамгырчиев УКМКга сурак берүү үчүн барды. Бул тууралуу аталган ведомство билдирди.
Маалыматка караганда, эл өкүлү жактоочусунун катышуусунда суракка алынып, тышка чыкпоо жөнүндөгү тил каттын негизинде кайра коё берилген.
"Учурда Жамгырчиевдин мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүсү боюнча тергөө амалдары соңуна чыкканы калды. Жакынкы күндөрү материалдар сотко өтөт", — деди УКМК.
Эске салсак, 2023-жылдын декабрь айында башкы прокурор Курманкул Зулушев Эмил Жамгырчиевди жоопко тартууну сурап Жогорку Кеңешке кайрылган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин "Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренеси менен айыпталууда. Бул боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия 9-январда, ал эми Жогорку Кеңеш 10-январда парламентарийди жоопко тартууга макулдугун берген.
Бүгүнкүгө чейин эл өкүлүнүн кайда экени белгисиз болуп жаткан. Ал парламенттин экинчи кабатынан секирип качып кеткени айтылган.
Эмил Жамгырчиев фракциялашынын кабинетине кирип терезеден секирип кеткен