Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө киргизилген чектөө узартылды

Шаарда акцияларды бир гана жерде уюштурууга уруксат берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Бишкектин борбордук бөлүктөрүндө митинг өткөрүүгө киргизилген чектөө узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук акимчилиги билдирди.
Маалыматка караганда, Биринчи май райондук соту аталган райондун жетекчилигинин арызын канааттандырып, чектөөнү 2024-жылдын 1-январынан 31-мартына чейин узартты.
Митингдерди Жогорку Кеңештин, РФ элчилигинин, президенттик администрациянын жана УКМКнын алдында, "Ала-Тоо" аянтында өткөрүүгө болбойт.
Шаарда акцияларды бир гана жерде — Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Горький атындагы скверде уюштурууга уруксат берилет.
Базарлардагы митинг. Ташиев уюштуруучуларды табууну тапшырды