Баткенде чек ара чырынан талкаланган объектилер калыбына келтирилди. Сүрөт

208 ишкерге 300 миң сомдон берилип, жалпы 63 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөнгөнү кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Баткен облусунда 2022-жылдын сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жабыркаган ишкерлердин объектилери калыбына келтирилди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Баткен облусунда 2022-жылдын сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жабыркаган ишкерлердин объектилери калыбына келтирилди

2 / 4

Билдиремеге караганда, министрликтин кызматкерлери Баткендин Лейлек районундагы Кулунду, Интернационал, Жаңы-Жер, Арка айылдарын, Баткен шаарын кыдырып, чек ара чырынан жабыркаган ишкерлердин калыбына келтирилген объектилерин көрүп чыгышкан

3 / 4

Кыргыз-тажик чек ара чырынан улам президент Садыр Жапаров "Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгон

4 / 4

Аталган жарлыктын алкагында мамлекеттик комиссия түзүлүп, анын чечими менен 208 ишкерге 300 миң сомдон берилип, жалпы 63 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөнгөнү кошумчаланды

Билдиремеге караганда, министрликтин кызматкерлери Баткендин Лейлек районундагы Кулунду, Интернационал, Жаңы-Жер, Арка айылдарын, Баткен шаарын кыдырып, чек ара чырынан жабыркаган ишкерлердин калыбына келтирилген объектилерин көрүп чыгышкан.
"Интернационал айылында талкаланган "Достук" базары толугу менен калыбына келтирилип, иштеп жатат. Мындан тышкары, башка айылдардагы да талкаланып, өрттөлгөн дүкөн, соода борборлору оңдолгон. Соодагерлерге 300 миң сомдон компенсация, 1 миллиондон 5 миллион сомго чейин пайызсыз насыялар берилгени белгилеген", — деп айтылат маалыматта.
Кыргыз-тажик чек ара чырынан улам президент Садыр Жапаров "Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгон.
Аталган жарлыктын алкагында мамлекеттик комиссия түзүлүп, анын чечими менен 208 ишкерге 300 миң сомдон берилип, жалпы 63 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөнгөнү кошумчаланды.
Баткенде УКМКнын жаңы имараты ачылып, ага Садыр Жапаров катышты. Сүрөт