БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстанда алты айдан беш жашка чейинки балдардын 47 пайызы темирдин жетишсиздиги менен жабыркайт. Бул туурасында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) билдирди.
Аталган витаминдин аздыгы баланын дене боюнун жана интеллектуалдык жактан өсүшүнө терс таасирин тийгизет. Өнөкөт оорулардын жана анемиянын (аз кандуулук) өрчүп кетишин алдын алуу үчүн бейтапканаларга барып акысыз текшерүүдөн өтүп, анын ичинде кан аркылуу анализ тапшыруу сунушталат. Эгер оору аныкталса электрондук рецепт жаздырып, белгилүү дарыларды 50 пайыздык арзандатуу менен алса болору белгиленди.
Кандай учурда жеңилдиктер берилет?
16 жашка чейинки балдар, анын ичинде камсыздандырылган, бир жерде окуп жаткан 18 жашка чейинкилер;
үй-бүлөлүк медицина борборлорунда катталгандар;
үй-бүлөлүк дарыгерден электрондук рецепт алгандар.
Дарыларды ММКФ менен келишим түзгөн дарыканалардан алса болот. Препараттардын тизмеси фонддун сайтында көрсөтүлгөн.
Бала аз кандуулук менен жабыркаганы эмнеден улам билинет?
өңү кубарып калат;
энтигип, жүрөктүн согушу начарлайт;
башы айланып, ооруп, кулак тунжурайт;
жүрөктүн айланасында ыңгайсыздык жаралат;
тез чарчап, алсырап калат.
Медициналык кызматтардын түрлөрү, алардын баалары тууралуу маалыматты ММКФ тиркемесин көчүрүп алып же 113 номерине чалып (иш күндөрү) биле аласыз. Чалуу бардык операторлор үчүн акысыз.