Төңкөрүш жасоого аракет кылган Ташов менен Күрөновдун тарапташтары кармалды

Колго түшүрүлгөндөрдүн бири массалык нааразычылык акциясына эл топтоону пландаса, дагы бири акча которууларды уюштурган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп изделип жаткан "Озтопрак" (KG Group) курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташов жана активист Тилекмат Кудайберген уулунун (Күрөнов) тарапташтары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп изделип жаткан "Озтопрак" (KG Group) курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташов жана активист Тилекмат Кудайберген уулунун (Күрөнов) тарапташтары кармалды

2 / 3

Буга чейин УКМК Ташов Күрөнов менен өлкөдө төңкөрүш жасоо боюнча телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтып, анын видеосун да жарыялаган

3 / 3

Ыкчам-тергөө иштеринин жыйынтыгында Ташов менен Күрөновдун ар кайсы аймактан ондогон тарапташтары, активисттер аныкталып, Ташовдун аларды каржылоосу боюнча маалымат алынган

Эске салсак, буга чейин УКМК Ташов Күрөнов менен өлкөдө төңкөрүш жасоо боюнча телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтып, анын видеосун да жарыялаган. Буга байланыштуу Имамидин Ташов менен Тилекмат Күрөновго жана башка адамдарга Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү ("Бийликти күч менен басып алуу") жана 245-беренеси ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу") боюнча иш козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин жыйынтыгында Ташов менен Күрөновдун ар кайсы аймактан ондогон тарапташтары, активисттер аныкталып, Ташовдун аларды каржылоосу боюнча маалымат алынган.
"Жыйынтыгында М.А.И. аттуу адам кармалган. Ал Ош жана Жалал-Абад облустарында координатор болуп, массалык нааразычылык акциясына эл топтомок. Ошондой эле Бишкекке кишилерди алып келмек. К.А.К. аттуу адам Таластан колго түшүрүлдү. Бул киши АКШдагы адамдардан акча которууларды уюштурган. Ташов анын эсебине бир нече жолу ири суммада акча которгон", — деген УКМКнын маалымат кызматы.
Ташовдун жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, акча, кымбат баалуу унаалар жана башка мүлк табылганы кошумчаланды.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери уланып жатканы белгиленди.
Баары бир кармалат! Ташиев Имамидин Ташовдун кайрылуусу боюнча жооп берди