БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Эми жеке ишкер же жеке жак катары катталуу үчүн салык органына барбай туруп сайттан арыз берүүгө болот. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
© Фото / пресс-служба ГНС КР
Арыз түзүү үчүн Cabinet.salyk.kg сайтынан "Каттоо" бөлүмүн тандап, "Салык төлөөчүнү каттоого онлайн арыз берүү" бөлүмчөсүнөн идентификациялоо жол-жобосунан өтүү керек. Бул үчүн идентификациялоонун бирдиктүү системасын (ЕСИ), электрондук санарип кол тамгасын же Smart-iD KG колдонууга болот.
"Cabinet.salyk.kg сайтынын "Каттоо" бөлүмүнөн арыздын статусун көрүп, жеке ишкердин мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүн басып чыгарууга болот. Күбөлүк арыз берилген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде берилет", — деп айтылат маалыматта.
Сервис каттоо процессин жөнөкөйлөтүү жана ишкерлердин салык органдары менен өз ара кызматташуусун жеңилдетүү максатында ишке киргизилди.