Москвада кыргызстандык таксисттин каза болгону тастыкталды

36 жаштагы кыргызстандыктын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн тергөө органдары тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Москвада каза болгон кыргызстандык таксисттин сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 10-январда министрликтин РФтеги өкүлчүлүгүнө Москва шаарында автоунаадан (Яндекс такси) болжол менен Кыргызстандын жаранынын сөөгү табылганы тууралуу малымат түшкөн.
"Өкүлчүлүктүн кызматкерлери маркумдун туугандарына сөөктү алуу жана аны мекенине репатриациялоого даярдоо үчүн керектүү документтерди тариздөөдө көмөк көрсөтүштү. Сөөк болжол боюнча эртең, 12-январда, Кыргызстанга жөнөтүлөт", — деп айтылат маалыматта.
36 жаштагы кыргызстандыктын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн тергөө органдары тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Соцтармакка тараган видеодон таксист унаасын токтотуп, жүргүзгөн абалда уктап калганы айтылууда.
Кыргызстандын мыйзамына ылайык, маркумдун жакындарына сөөктү репатриациялоого кеткен чыгымдарды жабуу үчүн 70 миң рубль өлчөмүндө бир жолку төлөм берилет.
Индияга турист катары барган кыргызстандык аял каза тапты