Жалдагы балдар ооруканасында МРТ кабинети иштеп жатат. Графиги, баасы

Балдар да, чоңдор да МРТдан дарыгердин жолдомосу менен барып текшериле алары кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда магниттик-резонанстык томография (МРТ) кабинети иштей баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Шайырбек Сулайманов изилдөөнүн баасы 2 200 сомдон ашпай турганын айтып, сумманы Монополияга каршы комитет бекиткенин белгилеген.
"МРТ аппаратынын иштөөсү кыйла кымбат, керектелүүчү материалдарды сатып алыш керек. Ошондуктан текшерүүдөн толугу менен бекер өтүү мүмкүн эмес. Бирок жеке клиникаларга караганда баа арзан", — деген Сулайманов.
МРТ кабинети Ахунбаев көчөсү, 192 дарегиндеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жайгашканы айтылды. Ал дүйшөмбүдөн ишембиге чейин саат 8:00дөн 17:00гө чейин иштейт. Бирок балдар да, чоңдор да МРТдан дарыгердин жолдомосу менен барып текшериле алары кошумчаланды.
МРТдан өтүү үчүн талаптар:
эгер бейтап ички органдарын текшерте турган болсо тамак, суюктуктарды ичпей келиши керек;
кийимде металл буюмдар болбошу керек;
бейтаптын денесинде металл импланттар да болбойт.
Толук маалымат алуу жана алдын ала жазылуу үчүн (0312) 490663, 0704 490663; 0554 490663 телефондоруна чалса болот.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын 11-ноябрында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда магниттик-резонанстык томография кабинети ачылып, ал атайын курулган жаңы имаратта жайгашкан.
Рактын так аныкталышы — дарттан арылуунун башаты. Кыргызстандагы жаңы ыкмалар