Жогорку Кеңеш Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди

Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары башкы прокурордун депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча сунушун карашты.
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев
Талкуудан кийин мыйзам чыгаруучулар сунушту жактырып, уруксатын беришти. Жыйынга катышып жаткан 69 депутаттын баары "макул" деп добуш берген.
Эске салсак, 2023-жылдын декабрь айында башкы прокурор Курманкул Зулушев Эмил Жамгырчиевди жоопко тартууну сурап Жогорку Кеңешке кайрылган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин "Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренеси менен айыпталууда. Бул боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Ал комиссия кечээ күнү парламентарийди жоопко тартууга макулдугун берген.
Учурда эл өкүлүнүн кайда экени белгисиз. Кечээ күнү парламенттин экинчи кабатынан секирип качып кеткени айтылган.
Эмил Жамгырчиевге Өзбекстанда дагы кылмыш иши козголгону белгилүү болду