Кудум кинодогудай! Депутат Жамгырчиев терезеден секирип качты делген видео тарады

Учурда эл өкүлүнүн кайда экени белгисиз.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев парламенттин экинчи кабатындагы кабинеттин терезесинен секирип качты делген видео тарады.
Кадрдан анын терезеден секирип түшүп, парламенттин короосунан чуркай качып, тосмодон секирип өткөнүн көрүүгө болот.
Эске салсак, 2023-жылдын декабрь айында башкы прокурор Курманкул Зулушев Эмил Жамгырчиевди жоопко тартууну сурап Жогорку Кеңешке кайрылган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин "Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренеси менен айыпталууда. Бул боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия кечээ күнү, ал эми Жогорку Кеңеш бүгүн парламентарийди жоопко тартууга макулдугун берди.
Учурда эл өкүлүнүн кайда экени белгисиз. Кечээ күнү парламенттин экинчи кабатынан секирип качып кеткени айтылган.
Жогорку Кеңеш Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди