Бишкекте "Эмгек биржасы" пункту ачылды

Объектини ишке киргизүү үчүн жалпысынан 2 миллион сомго жакын каражат жумшалган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Лев Толстой көчөсүндө иш менен камсыз кылуу пункту орнотулду. Бул тууралуу мэрия маалымдады.
1 / 2

Бишкек шаарындагы Лев Толстой көчөсүндө иш менен камсыз кылуу пункту орнотулду

2 / 2

Билдирмеге ылайык, "Эмгек биржасы" пункту Лев Толстой көчөсү, №70А дарегинде жайгашкан. Анда иш менен камсыз кылуу пунктунун жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери иш алып барат

Билдирмеге ылайык, "Эмгек биржасы" пункту Лев Толстой көчөсү, №70А дарегинде жайгашкан. Анда иш менен камсыз кылуу пунктунун жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери иш алып барат.
Пунктуну орнотуу иштери өткөн жылдын декабрь айында башталган.
"Бул үчүн шаар мэринин резервдик фондунан 1 миллион 162 миң сом бөлүнгөн. Ошондой эле 800 миң сом өлчөмүндөгү каражат бюджеттен тышкаркы булактардан алынды", — дешти мэриядан.
Мэрия Батыш, Чыгыш автобекеттерин көчүрүп жаткан себебин түшүндүрдү