Тиш тазалатууга барып чарчап калган бөбөк. Экспертиза жыйынтыгы жума ичи чыгат

Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Бишкектеги стоматологиялык клиникалардын биринде көз жумган үч жаштагы бөбөктүн өлүмүнө байланыштуу дайындалган экспертизанын жыйынтыгы ушул жуманын ичинде чыгат. Бул тууралуу Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун жетекчисинин орун басары Эрнис Акунов билдирди.
Анын айтымында, бардык лабораториялык анализдер алынган.
"Экспертизанын жыйынтыгы эртең же бүрсүгүнү даяр болот", — деди Акунов.
Эске салсак, декабрдын аяк ченинде Бишкектеги менчик стоматологиялык клиникалардын биринде үч жаштагы кыз каза болгон. Жакындары анын тишин тазалатканы алып барып, наркоз берилген соң көз жумганын айтышкан. Саламаттык сактоо министрлиги бул окуя боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн билдирип, клиника тергөө аяктаганга чейин убактылуу жабылган.
Стоматология борборунда 3 жашар кыздын чарчап калышы боюнча иш козголду