34 жаштагы Габриэль Атталь Франциянын премьер-министри болуп дайындалды

Франциянын жаңы премьер-министри Габриэль Атталь
Жаңы өкмөт башчы президентке өкмөттүн жаңы курамын сунушташы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Франциянын премьер-министри болуп 34 жаштагы Габриэль Атталь дайындалды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ал өлкө тарыхындагы эң жаш өкмөт башчы болуп саналат.
“Элизабет Борндун отставкасынан кийин Габриэль Атталь премьер-министр болуп дайындалды”, — деп айтылат маалыматта.
Эми ал Франциянын президенти Эммануэль Макронго жаңы өкмөттүн курамын сунушташы керек.
Палестиналыктар Газа тилкесинде Израилдин бомбалоосунан талкаланган имаратта тирүү калгандарды издеп жатышат
Макрон: Израилдин Газага соккусу негизсиз жана легитимсиз