Сүлүктүдө уранды алдында калган эки кен казуучу куткарылды. Видео

Жерине 18 куткаруучу тартылган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Сүлүктү шаарында уранды алдында калган эки кен казуучу куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлап, видеосун жарыялады.
Билдирмеге караганда, 7-январда Сүлүктү шаарындагы "Южный 3" шахтасында эки кен казуучу уранды алдында калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
"Жерине ыкчам түрдө 18 куткаруучу тартылып, алар 48 жана 32 жаштагы эки адамды 140 метрлик тереңдиктеги шахтадан аман-эсен чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМ ушул эле шахтадан 2022-жылдын май айында газга ууланган төрт кен казуучу куткарылганын кошумчалады.
Ысык-Көлдө карга унаасы менен тыгылып калган казакстандык үй-бүлө куткарылды